Билим берүү порталы

Санариптик билим жана өнүгүү борбору

Мен жөнүндө

Мен учурда Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасында окутуучу жана PhD докторант болуп эмгектенем. Колдонмо математика жана информатика багытында илимий-педагогикалык ишмердүүлүктү жүргүзүп, заманбап маалыматтык технологияларды билим берүү процессине интеграциялоого өзгөчө көңүл бурам. Окутуучулук ишмердүүлүгүмдүн алкагында Колдонмо математика жана информатика, Графикалык дизайн жана Big Data багытындагы студенттерге сабак берем. Негизинен Web-программирование, С++ программалоо тили, PHP тилинде веб-тиркемелерди иштеп чыгуу, Python тилиндеги алгоритмдер жана маалымат структуралары, ошондой эле Java негизиндеги веб-тиркемелерде мультимедиялык графика дисциплиналары боюнча лекциялык жана лабораториялык сабактарды өткөрөм. Мындан тышкары, билим берүүнүн санариптик формаларын өнүктүрүү максатында студенттер үчүн онлайн тестирлөө мүмкүнчүлүгүн камтыган жеке веб-сайтымды иштеп чыгып, окуу процессинде активдүү колдонуп келем. Илимий кызыгууларым программалоо технологиялары, веб-тиркемелерди иштеп чыгуу жана билим берүүнү санариптештирүү багыттарын камтыйт. Кесиптик максатым — жогорку сапаттагы билим берүүнү камсыз кылуу, студенттердин практикалык компетенцияларын өнүктүрүү жана заманбап IT технологияларын окутуу процессине натыйжалуу киргизүү аркылуу илимий-педагогикалык ишмердүүлүктү мындан ары да өркүндөтүү.

Көндүмдөр

PHP
Laravel
MySQL
JavaScript
HTML/CSS
Java

Долбоорлор

— Онлайн билим берүү сайты
— Автоматташкан тест системасы
— Жеке портфолио сайты