Санариптик билим жана улуттук оюндар борбору
«Долбоордун негизги максаты — улуттук маданиятты сактоо, жаштарга жеткирүү жана IT технологиялар аркылуу жайылтуу.
Бул долбоордо кыргыз элинин Көк бөрү, Кыз куумай, Ордо, Тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндарын компьютердик, мобилдик жана веб оюндар түрүндө иштеп чыгуу каралган. Оюндар заманбап графика, анимация жана интерактивдүү элементтер менен байытылып, колдонуучуларга кызыктуу жана жеткиликтүү форматта сунушталат.
Долбоор билим берүү, маданий мурасты сактоо жана оюн индустриясын өнүктүрүү максаттарын көздөйт. Улуттук оюндар аркылуу логикалык ой жүгүртүү, ыкчамдык, стратегиялык чечим кабыл алуу сыяктуу жөндөмдөр өнүгөт.